АКШда 14 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарга кирүүгө тыюу салынды

АКШнын Флорида штатынын губернатору Рон ДеСантис аталган аймактагы 16 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарга кирүү мүмкүнчүлүгүн чектеген мыйзамга кол койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, мыйзамда 4 жашка чейинки балдарга социалдык тармактарга кирүүгө жана 14 жашка чейинки балдардын социалдык медиа аккаунттарын ачуусуна тыюу салынган. Ошондой эле 14-15 жаштагы балдарга ата-энесинин уруксаты менен гана эсеп ачууга мүмкүнчүлүк берилген.

ДеСантис социалдык тармактар балдардын депрессияга кабылуусуна жана өзүнө зыян келтирүүсүнө алып келерин билдирген.

Мыйзам долбоору күчүнө киргенде 14 жашка чыга элек балдардын социалдык медиа платформаларында аккаунт ачуусуна бөгөт коюлуп, бар аккаунттар өчүрүлөт. Аккаунттарды убагында өчүрбөгөн компаниялар болсо соттолуп, ар бири 10 миң долларга чейин компенсация төлөшү мүмкүн.

Ал эми чечимге каршы чыккандар Флоридадагы мыйзам Конституцияга каршы келе турганын айтышып, башка штаттардын соттору ушундай мыйзамдарды жокко чыгарганын билдиришкен.

Мыйзам 2025-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирет деп күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан