Кантип тез арада онлайн насыя алса болот. Кыргызстандыктар ыңгайлуу кызматтын артыкчылыктары тууралуу айтып беришти

Заманбап жашоонун ыргагы күч алууда, ал эми онлайн кызматтардын ыңгайлуулугу жана жеткиликтүүлүгү барган сайын зор мааниге ээ. Мисалы, тездетилген насыяларды алуу — күтүлбөгөн чыгашалар үчүн эң популярдуу кызматтардын бири болуп эсептелет. Мындай кызматты үйдөн чыкпастан бат алууга болот. Эгерде сизге тез арада акча каражаты зарыл болуп, бирок кимге кайрыларыңызды билбей турсаңыз, анда онлайн насыя — бул ар бир адам пайдалана ала турган сонун мүмкүнчүлүк.

Эмесе, «О!Деньги» сервисинин колдонуучулары үчүн «Акча Булак» МККсы тарабынан сунушталган тез насыялар жеткиликтүү болуп калды. Насыяны тариздөө үчүн болгону паспорт жана «Мой О!» тиркемеси бар смартфон керектелет. Бул ыңгайлуу кызмат керектүү учурда «О!Деньги» капчыгына 13 500 сомго чейин алууга мүмкүндүк берет. Күн сайын бул ыңгайлуу кызматтын популярдуулугу артып, колдонуучулардын ишенимине ээ болууда.

Биз насыя алуучулардын кызыктуу окуяларын топтодук. Алар бул сервисти колдонуу боюнча өз тажрыйбаларын жана кызматтын артыкчылыктары тууралуу айтып беришти. Насыя алуучулар тиркеме аркылуу акча каражаттарын алуу оңой жана ыңгайлуу экендигин, ошондой эле өз финансылык маселелерин кантип ылдам чечишкендиги тууралуу ой бөлүшүштү.

Жаныбек Р. уулу, Нарын ш.

«Акча Булак» МККнын кызматтарын ар дайым колдоном —10 чакты жолу насыя алып, кайра кайтарып бердим. Алган акча каражаттарын ар түрдүү максатта пайдаланам, негизинен, өтө тез арада бир нерсе төлөө керек болгон учурларда. Насыянын тез берилгендиги жагат, аны алуу чындыгында эле бир нече мүнөттү гана талап кылат. Көптөн бери тааныштарыма «Мой О!» тиркемесинен онлайн насыяларды алууну сунуштайм, анткени, Нарын шаарында бул сыяктуу кызматтар жок».

Жибек М., Бишкек ш.

«Онлайн насыяларды «Акча Булак» МККсынан гана алам. Бул кызматты туруктуу түрдө жана ар дайым ар түрдүү максатта колдоном. Насыяны тез алуу мүмкүндүгү абдан жагат, эч жакка баруунун жана толтура кагаздарга кол коюнун кажети жок. Тез арада мага акча керек болгондой тааныштарыма да керек болуп жатса, анда ынанымдуу түрдө ушул онлайн насыяны сунуштайм».

Нурсултан Б., Кант ш.

«Насыяларды жүк ташуучу унааны оңдоого жана ага тетиктерди сатып алуу үчүн алам. Жеткиликтүүлүгү жана ылдамдыгы жагат, анткени 2-3 күнгө чейин күтүү зарылдыгы жок».

Мирбек Ч. уулу, г. Ош.

«Мурда башка насыялардын кызматтарын колдончумун, бирок азыр насыяларды «Акча Булак» МККсынан алам. Алган акча каражаттарын ар кандай керектөө максаттарында пайдаланам. Кеңсеге барбастан тез жана каалаган убакта алуу мүмкүнчүлүгү жагат. Бардыгы ыңгайлуу, тез жана жеткиликтүү».

Насыяны кантип онлайн алса болот? Видеонускаманы көрүңүз.

1. Google Play’ден же App Store’дон «Мой О!» тиркемесин жүктөп алыңыз.

2. «Мой О!» тиркемесин → «О!Деньги» капчыгын → «Акча Булак» салмасын ачып, идентификациядан өтүңүз.

3. Өтүнмөнү толтуруп, керектүү документтердин баарына кол коюңуз — бардыгы тиркемеден онлайн түрүндө.

Насыя жактырылгандан соң каражаттар дароо «О!Деньги» капчыгына чегерилет. Алган сумманы эсептерди жана сатып алууларды төлөөгө сарптаса, банктык эсептерге жана карталарга которсо, ошондой эле O!Store дүкөндөрүнөн же нактаматтардан накталатып алса болот.

Насыяны комиссиясыз төлөө да оңой — «О!Деньги» капчыгы же каалаган О! терминалы аркылуу.

Толук маалымат akchabulak.kg сайтында.

*Кредиттөө сервиси «Акча Булак» МКК» ЖЧКсы тарабынан көрсөтүлтөт. КРУБдун 22.06.2022-ж. эсептик каттоо жөнүндө №512 күбөлүгү. «О!Деньги» финансылык сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧКсы тарабынан көрсөтүлөт. КРУБдун 03.08.2017-ж. №2021030817, №3022030817 лиц. «О!Деньги» электрондук акчаларынын эмитент банкы: «Дос-Кредобанк» ААК. КРУБдун 18.06.1997-ж. жана 16.03.2016-ж. №037 лицензиясы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан