"Крокустагы" теракт: Эксперт террорчулардын биринин кулагы эмне себептен кесилгенин түшүндүрдү

Москвадагы терактка шектүүлөрдү Брянск токоюнан кармоо учурунда укук коргоо кызматкерлери бир шектүүнүн кулагын кесип салышкан. Мындай видео социалдык тармактарга тараган.

Ошол эле учурда коопсуздук күчтөрүнүн бири кесилген кулактын бир бөлүгүн террорчу делген адамдын оозуна салган. Бул окуя резонанс жаратып, айрым интернет колдонуучулар укук коргоо органдарынын бул иш-аракетин адамгерчиликсиз деп баалаган.

Орусиянын "Московский комсомолец" басылмасына атайын аскердик эксперт бул ыкманы түшүндүрүп берген. Анын айтымында бул ыкма абдан кеңири таралган.

"Бул тез арада керектүү маалыматты алуу үчүн колдонууга аргасыз болгон сурак ыкмасы. Муну тез жасоо оңой эмес. Көбүнчө ушул жол менен ыкчам маалыматты алуу кылмышка тиешеси бар башка адамдарды тез аныктап, ылдам кармоого болот. Ал эми алар өз кезегинде карапайым калкка коркунуч жаратышы мүмкүн.

Мындай кырдаалдарда ишенип койгула, террорчулардын жарандык укуктарына убакыт жок", - деген эксперт.

Ошондой эле ал террорчулардын арасында кулактан айрылуу уят жана кордук экенин кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан