Обама президенттикке Харристин талапкерлигин колдоду

АКШнын мурдагы президенти Барак Обама жана анын жубайы Мишель АКШдагы президенттик шайлоого Демократтардын атынан талапкер болгон Камала Харристи колдоп чыгышканын чет элдик басылмалар жазышты.

Ал өзүнүн X социалдык түйүнүнө "Мишель экөөбүз ушул жуманын башында Харриске телефон чалганбыз. Биз ага Америка Кошмо Штаттарынын мыкты президенти боло аларын айттык. Аны толугу менен колдойбуз" деп жазган.

Буга чейин Обама Демократтар президенттикке татыктуу талапкер чыгара ала турганына ишенерин билдирип, бирок Харрис жөнүндө сөз козгогон эмес. Обамага чейин Кошмо Штаттардын дагы бир мурунку лидери Билл Клинтон жана анын жубайы болгон мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон вице-президентти колдоп чыгышкан.

Эске салсак, шайлоого 100 чакты күн калганда Жо Байден президенттик жарыштан баш тартканын жар салып, ордуна Харристин талапкерлигин сунуштаган.

Эми анын расмий талапкерлиги августта өтө турган Демократиялык партиянын курултайында чечилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан