"Курбусу жана апасына дагы кол салып". Москвада кыргыз жигити аялын бычактап салды

Москвада Кыргызстандын жараны аялын өлтүрүп, дагы эки адамды өлтүрүүгө аракет кылган деп шектелүүдө. Мындай маалымат Орусиянын Тергөө комитетинин сайтына жарыяланды.

Маалыматка ылайык, Тергөө комитети «Киши өлтүрүү» жана «Эки же андан көп адамды өлтүрүүгө аракет кылуу» беренелери боюнча кылмыш ишин козгогон.

Тергөөнүн версиясы боюнча, бүгүн, 27-мартта 1999-жылы туулган Кыргыз жараны Москва шаарынын Большая Черкизовская көчөсүндө жайгашкан турак үйдүн батиринде аялы менен 2001-жылы туулган аялы менен чатакташа кетип, аны бычактап салган. Ал окуя болгон жерде каза болгон.

Андан кийин ал апасына жана аялынын курбусуна дагы бычак менен кол салып, жаракат келтирген. Бул окуялардан кийин өзүнө дагы кол салган.

"Тергөөчүлөр окуя болгон жерге кароо жүргүзүшүп, кылмыш куралын алышкан. Соттук-медициналык экспертизалар дайындалды, анын ичинде молекулярдык-генетикалык жана манжа издери боюнча экспертизалар дайындалды.

Шектүү ооруканага жеткирилип, ага медициналык жардам көрсөтүлүүдө. Дарыгерлердин уруксатынан кийин ал борбор калаадагы Тергөө комитетинин бөлүмүнө жеткирилип, тергөөчүлөр суракка киришет.

Мындан тышкары, кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында кылмышка шектүүнүн учурдагы миграциялык мыйзамдарга ылайыктуулугу текшерилет", - деп билдирди Орусиянын Тергө комитети.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан