FSDS коомдук фонду долбоордун максаттуу аймактарында ишкерликтин өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүнү улантууда

Fair & Sustainable Development Solutions (FSDS) коомдук фонду карапайым калк арасында долбоорлорду жазуу, жеке ишкерликти баштоо жана аны өркүндөтүү, үй-бүлөлүк каржы маселесин жакшыртуу жаатында бир катар окутууларды өткөрүп, айрым долбоорлорду ишке ашырууга көмөктөшүп келет. Биз бул ирет FSDS коомдук фондунун колдоосу аркылуу иш баштап, ийгиликтерге жетип жаткан ишкерлер тууралуу сөз кылабыз.

Баткен облусунун Раззаков шаарынын тургуну Айгүл Жалилова FSDS коомдук фондунун колдоосу менен комби меш (пароконвектомат) алып, өзүнүн чакан кондитердик цехин кеңейткен.

FSDS коомдук фондунун долбоорунда мен жеңүүчү аталдым. Бул долбоордо эң алгач бизди 3 күн окутуп, даярдап, өздөрү кантип долбоор жазуу керектигин үйрөттү. Ошолорду жазып, анан талкуулап бердик, ошонун негизинде жеңүүчү болдум. Бул ишкерликти баштаардан мурда мен мугалим болуп иштегем. Анан декрет учурунда бекер отурбайын деп ушул ишкерликти баштагам. Өзүм бышырганга жакын болгондуктан үйдөн бышырып, анан коңшу-колоңдор “жакшы бышырат экенсиң, ошондон буюрутма берели”,- дешкенинен ушул идея өзүмө келген. Анан бул ишкерликти баштаганда биринчи эле долбоорлор менен иштешүүнү, кантип долбоорлорго катышуу боюнча үйрөндүм. Ушул долбоордун негизинде мен пароконвектомат мешин ала алдым. Буга чейин бөлкө нан, кекстерди жасаганда мурунку мешимдин буусу жок болгондуктан кичине кыйналып жаткам. Азыр ушул меш келгенден кийин буунун жардамы менен биз тапшырыктардын сапаты жакшы болуп чыгып жатат”, - дейт ал.

FSDS коомдук фондунун колдоосу менен ишкерлигин өнүктүрүп жаткандардын арасында Баткен облусунун Раззаков шаарынын тургуну Эламан Бектемиров да бар. Ал ал аталган коомдук фонддун көмөгү менен 30 даана корей опалубкасын сатып алып, бизнесин кеңейткен.

Мен 3-4 жылдан бери ушул корей опалубкасын алып, ижарага берип, же болбосо опалубкага тиешелүү иштерди кылып иштеп келебиз. Ошонун негизинде 2023-жылы FSDS коомдук бирикмесинин долбоор жазып, ушул долбоордун негизинде 30 даана корей опалубкасын алып, бүгүнкү күнгө чейин иштетип келебиз. Буюрса мындан кийин дагы иштетебиз деген ниеттерибиз бар. Рахмат ушул FSDS коомдук фондунун жалпы жамаатына, бизге жардам берген бардык тиешелүү тараптарга чоң ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Жеке өзүмдүн атыман дагы, айыл элинин атынан дагы ыраазычылык билдиребиз”,-дейт каарманыбыз.

Ал эми Бишкек шаарынын Келечек конушунун тургуну Зимират Кошбаева FSDS коомдук фондунун көмөгү менен өзүнүн чакан тигүү цехине, ысытып, кийимдерге чаптоочу аппарат сатып алган. Мындай кызматты ал мурда башка цехтерден жасатса, азыр өзүнүн тигүү цехинен жасай баштаган.

“Биз бул фонд менен айыл өкмөтү аркылуу байланышып калдык. Айыл өкмөттөн билдирүү келип калды, “ушундай фонддон бизнес планга окусаңар, керектүү каражатыңарды аласыңар. Жаңы ишкана ачканыңарга жардам болот” деген. Ошого 15-20дай адам окуп, бизнес-план жаздык. Ошонун ичинен Кудай насип кылып мага туш келип, ушундай аппаратты утуп алдым. Мурун бир күндүн ичинде 100 даана жасасак, азыр алты сааттын ичинде миңди чыгарат.

Менин жүрөгүмдө болгон кыялды FSDS коомдук фонду орундатты десем болот”, - деп жеке ишкер айым FSDS коомдук фондуна ыраазычылыгын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан