"Крокуста" теракт жасагандардын өлүмү тууралуу маалыматтар пайда болду

Москвадагы "Крокус Сити" борборунда теракт уюштургандардын ичинен экөө каза болду деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу РИА Новости агенттигине Орусиянын Адам укуктары боюнча кеңешинин мүчөсү Алексей Мельников билдирген.

"Учурда террорчулардын ичинен каза болгондор бар экени тууралуу маалыматтар тарап жатат. Бул маалымат чындыкка дал келбейт. "Крокуста" теракт уюштурууга шектүүлөр ар башка СИЗОдо кармалып турганын гана айта алам", - деген Мельников.

Ошондой эле ал сот шектүүлөрдү күнөөлүү деп тапса, аларды өмүрүнүн аягына чейин катаал жаза күтүп турганын кошумчалаган.

Буга чейин социалдык тармактарда "Крокустагы" теракт уюштургандардын ичинен эки адам каза болгондугу тууралуу маалыматтар тараган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан