Интернет желесине күзөтчүнү унаа менен кайра-кайра сүзгөн видео тарады. Аны социалдык тармактагы баракчасы аркылуу журналист Диас Нуракын бөлүштү.
"Күзөтчүнү унаа менен атайын сүзүп, тебелеткен. Андан кийин аны тепкиге алган. Жаш жигит ооруканада каза болду", - деп жазды ал.
Aikyn.kz басылмасы окуя Алматыда "Меркурий Тауерс" турак жай комплексинде тургун менен күзөтчүнүн ортосундагы жаңжалдан улам болгонун жазып, шектүү катары 45 жаштагы жаран кармалганын маалымдады.