УКМК Ананьев айылдык кеңешинин төрагасын кармады

Ысык-Көл облусунун Ананьев айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы жер тилкесин мыйзамсыз басып алууну уюштурган жана ага жетекчилик кылган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

Ага ылайык, УКМК уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү жана аларды каржылоо каналдарына бөгөт коюу боюнча активдүү чараларды улантууда.

"Жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын натыйжасында УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан маркум К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү – Ысык-Көл облусунун Ананьев айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы М.С.К. кримавторитеттин колдоосун пайдаланып, Ананьев айыл аймагындагы 42 гектар айыл чарба жер аянтын, жергиликтүү бюджетке тиешелүү төлөмдөрдү төлөбөстөн жана укукту күбөлөндүрүүчү документтерди албастан мыйзамсыз пайдалангандыгы аныкталды" деп жазылат маалыматта.

Мындан улам 2024-жылдын 28-мартында жер тилкесин мыйзамсыз басып алууну уюштурган жана ага жетекчилик кылган деген шек менен Кыргаз жараны М.С.К. кармалып, 29-мартта Каракол шаардык сотунун чечими менен Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына 2 айга камакка алынды.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан