Санкт-Петербург шаарынан 400дөн ашык мигрант депортация болот

Орусиянын Санкт-Петербург шаарынан миграциялык мыйзамдарды бузууга айыпталган 400дөн ашык мигрант депортация болот. Бул тууралуу аталган шаардын сотторунун маалымат кызматына таянуу менен орусиялык басылмалар жазышты.

Жазылган маалыматка караганда, 25-марттан бери сотторго миграциялык мыйзамдарды бузуу иштери боюнча 584 материал келип түшкөн. Анын ичинен 515 иш каралган.

"Соттордун чечимине ылайык, 418 тартип бузган адамга айып пул салынып, өлкөдөн мажбурлап чыгарылат. Дагы 48 мигрант айып пул төлөп, өз алдынча өлкөдөн чыгып кетиши керек" деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан