Таиланддагы популярдуу туристтик Лопбури шаарына маймылдар массалык түрдө кирип келип, мүлктөргө зыян келтиришүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, шаарга кирип келген маймылдар мүлккө зыян келтирип, жергиликтүү сатуучулардан жана туристтерден тамак-аш жана башка буюмдарды уурдап жатат. Буга байланыштуу полиция кызматкерлери рогатка колдоно башташты.
Жапайы жаратылыш жана коргоо департаментинин кызматкерлери дамаймылдарды кармап, аларды шаардан алысыраак жерге көчүрүүдө.