Бишкекте үйлөргө кирип барып, бычак такап тоноп жүргөн 17 жаштагы өспүрүмдөр кармалды (видео)

Бишкекте үйлөрдү карактаганга шектелгендер кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-апрелде шаардык милиция кабарлады.

Маалыматка ылайык, 22-мартта милицияга А.О. аттуу жаран кайрылган. Ал күн мурун үйүнө белгисиз адамдар бычак менен кирип келип, кичинекей уулун бычактайбыз деп коркутуп 5 миң сомун, мобилдик банкинг эсебиндеги акчаларын жана 55 миң сомдук iPhone 13 телефонун тартып алып кетишкенин айткан.

Ошондой эле 22-мартта Ленин РИИБине К.Т. аттуу жаран дагы арыз менен кайрылган. Арыз ээси 21-мартта Левоневский көчөсүндө жайгашкан үйүнө кирип келген жарандар бычак менен коркутканын, 22 миң сомдук Redmi Note 13 жана 15 миң сомдук Samsung 12 A үлгүсүндөгү телефондорун тартып алышканын билдирген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесине (Каракчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Шектүүлөрдүн уюштуруучусу 2007-жылы туулган А.С. Жалал-Абад облусунун аймагынан кармалган. Такталгандай ал бул иште уюштуруучу жана байкоочу болгон. Андан мурда кылмыш жолу менен алынган Redmi Note 13 үлгүсүндөгү телефон табылган.

Ал эми 2006-жылы туулган У.С. жана 2007-жылы туулган Ш.Б. аттуу шектүүлөр Бишкектен кармалып, бардыгы убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен.

Учурда алардын ушул сыяктуу кылмыштарды жасоого тиешеси бар экендиги такталууда.

01.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан