Түркиядагы шайлоо: Алдын ала эсептөө боюнча Эрдогандын партиясы утулуп жатат

Кечээ, 31-мартта Түркияда жергиликтүү бийликти тандоо боюнча шайлоо өттү. Анын жыйынтыгы менен шаар мэрлери, шаардык жана айылдык кеңештин курамы аныкталат.

Аталган өлкөнүн басылмалары жазгандай, ушул убакытка карата эсептөөлөрдүн жыйынтыгы менен Режеп Тайып Эрдогандын партиясы Стамбул, Анкара, Измир, Анталия сыяктуу ири шаарларда утулуп жатат.

Добуш берүү 81 провинцияда тең бүтүп, добуштардын 50 пайызга жакыны саналды.

Белгилей кетсек, добуш берүүгө 61 миллиондон көп киши катышкан.

Ал эми добушканалар 31-мартта жергиликтүү убакыт боюнча кечки саат 20:00дө жабылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан