Канат Шабданбеков: "Бойдокчулук мени стресс кыла баштаганда үйлөндүм"

SUPER.KG порталынын бул жолку каарманы белгилүү блогер Канат Шабданбеков.

Маек учурунда ал учурда ырчы Анжелика Кайратова менен бирге "Биз жолуктук" долбоорун түзүп, алып баруучулук жаатынан да өзүн сынап көрүп жатканын айтты.

Ошондой эле жакында өзүнүн сүйүктүүсүн тапканын, бирок бул жаңылыкка бири ишенсе бири ишенбей "кезектеги пранк" деп да чыгышканын кошумчалады.

"Азыр мен 29 жаштамын. Эркек кишинин жашы 26дан өткөндөн кийин бирөөнү жактырып, сүйүп калышы кыйын экен. 29 жашка чейин үйлөнбөй жүрдүм. Айрыкча акыркы бир жылда бойдок жүргөнүм өзүмө жакпай, санаа тарта баштагам. "Эч кимди сүйбөй каламбы, ушинтип эле жүрө беремби" деген ойлор мээни жэп, бойдокчулук мени стресс кыла баштады. Ошондо "жок, мен үйлөнөм" деп чечим чыгардым. Кудайдан "жакшы кыз жибер" деп сурандым. Жашоодо көп кыздар жолукту, бирок аларды жүрөгүм тандаган жок", - дейт блогер.

Ал эми жубайы Нургүл менен таанышуусуна стоматолог досу себепчи болгонун айтты.

"Бир видеосун көрсөттү, эжесинин тоюнда куттуктоо айтып жатыптыр. Орундуу сүйлөгөн, токтоо кыз экен. Дароо эле жүрөгүм жактырды, мурда кездешпеген такыр башка сезимдер жаралды. Ал эми Нургүлгө менин сүрөтүмдү көрсөтүшсө "эй, бул баягы бабник бала го, таанышпайм" дептир да. Ошондон кийин 3-4 ай байланыша албай жүрдүм, Инстаграмына жазсам жооп бербейт", - дейт ал.

Бир топ аракеттен кийин болочоктогу жубайы менен таанышып, 3-4 жолу жолугуп эле, 12-февралда сөйкө салып, 2-мартта үйүнөн кичи мекени Казарманга алып кеткенин айтып берди. Бирок анын үйлөнгөнүнө көптөр дагы деле ишенбей "хайп, пранк" деп жатканына токтолду. Ал эми чоң той май айына белгиленгенин кошумчалады.

Толугураак SUPER.KG порталынын YOUTUBE каналынан көрүңүздөр!

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан