Бишкекте коомдук транспорттон чөнтөк уурулук кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-апрелде шаардык милициядан билдирди.
Маалыматка ылайык, 15-мартта милицияга Т.Л. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал ошол күнү саат 19:30 чамасында Манас проспектиси менен кичи автобустардын биринде бара жатып, 90 миң сомдук iPhone 13 үлгүсүндөгү телефонун чөнтөгүнөн уурдатканын айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 1993-жылы туулган, мурда бир нече жолу соттолгон Р.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда анын башка кылмыштарды жасоого тиешеси бар экени такталууда.