"Ширшовдун командасы кайрадан келди". Икрамов энергетика министрин сынга алды

Бүгүн, 2-апрелде Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Энергетика министрлигинин ишин сынга алды.

Анда "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору каралып жаткан. Эл өкүлү электр жарыгы байма-байма өчүрүлүп жатканы боюнча министрге көп суроолору бар экендигин айтып, жыйынга өзү келбегенине нааразы болду.

"Министр болуп жаңы келгенде эле өзүнө, "Ширшовдун командасы кайрадан келдиңер. Мурдагыдай жарык өчүрүүлөр кайра башталбайбы?" дедим эле. Тилеккке каршы, өчүрүүлөр кайра башталды. "Энергияны үнөмдөө жөнүндө" мыйзамды алып келип жатасыңар, бирок өзүңөр түшүнбөйсүңөр. Үнөмдөөнү биринчи өзүңөрдөн баштап, майнинг компанияларга уруксат бербеш керек болчу. Силерге чейинки бир да министр майнинг компанияларга уруксат берген эмес. Силер бердиңер. Энергиянын баары ошол жакка кетип жатат. Анан кантип үнөмдөө жөнүндө сөз кылып жатасыңар? Эл үтүгүн да сайбай, үнөмдөп атат. Үнөмдөбөгөндөр акысын төлөп атат.

Мен Ширшовдун планын билем, ГЭСтердин баарын курутуп, инвесторлорго - Ширшовдун өзүнүн адамдарына өткөрүп берүү. Мына бизди ушуга алып баратасыңар, Энергетика тармагы боюнча да комиссия түзүп, иликтеш керек. Ошондой эле бул тармакта буга чейин жана азыр иштеп жаткан, миллионер болгон чиновниктердин баарын жоопко тартыш керек", - деди Икрамов.

Энергетика министринин орун басары Атабек Абылгазиев сырттан алынган насыя жана гранттарга көптөгөн иштер жасалып жатканын, ГЭСтерди куруу менен энергетикадагы таңсыктыкты жоюу аракети жүрүп жатканын билдирди.

Ошондой эле ал өлкөдө 25 майнинг ферма каттоодон өткөнүн, анын 8и азыркыга чейин чакан ГЭСтерден өздөрүнүн түзгөн келишиминин негизинде аларын, министрликтин түздөн-түз алар менен түзгөн бир дагы келишими жок экенин айтты.

Жогорку Кеңеш 02.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан