АКШда туристтер отурган кайык оодарылып кетип, ичиндегилер крокодилдер байырлаган дарыяга кулашты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, кайыктын оодарылышынан улам 9 адам крокодилдер жаткан дарыяда калып калышкан. Алар 15 мүнөттөй дарыяда болушкан жана крокодилдер жанына чейин сүзүп келишкен. Бактыга жараша, крокодилдер суудагы адамдарга кол салышкан эмес, аларды куткаруучулар келип чыгарышкан. Дарыяга кулаган туристтер катуу коркуп калышкан.
Кийинчерээк полиция оодарылып кеткен кайыктын капитаны кармалганын билдирген.