"Крокустагы" теракт: Далержон Мирзоевдин атасы уулу Тажикстанга келмек экенин айтты

Москвадагы "Crocus City Hall" имаратында теракт жасады деп айыпталган Далержон Мирзоев атасына 24-25-март күндөрү Тажикстанга кайтып келерин айткан. Бул тууралуу РИА Новостиге анын атасы Барот Мирзоев билдирген.

"20-мартта ал бизге телефон чалып, 24 же 25-мартта үйгө келерин айткан", - деген Барот Мирзоев.

Ал кишинин айтымында, уулу ага Орусиядан такай чалып, үй-бүлө мүчөлөрү менен көпкө сүйлөшүп, акча жөнөтүп турган. Далержон Мирзоевдин жубайы күйөөсү теракт жасаганын билгенден кийин ооруканага түшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан