Сокулук районунда алдамчылыкка шектелип кармалган жаран убактылуу кармоочу жайдын камерасында асынып алды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Андагы маалыматка ылайык, бүгүн, 2-апрелде Сокулук РИИБдин убактылуу кармоочу жайынын камерасында алдамчылыкка шектелип кармалган 41 жаштагы У.Б. асынып алган.
Бул окуя жана андан кийинки жүргүзүлүүчү иш-чаралар ИИМдин жана Чүй ОИИББнин жетекчилигинин көзөмөлүнө алынды.
"Окуянын жагдайлары такталып, кызматтык текшерүү башталды. Текшерүүнүн жүрүшүндө тийиштүү кызматкерлердин кыймыл-аракеттери баа берилип, күнөөлүүлөргө чаралар көрүлөт. Процессуалдык чечим кабыл алуу үчүн материалдар тиешелүү органдарга жөнөтүлөт", - деп билдиришти ИИМден.