Баткенде мамлекеттик каражатты ыйгарып алгандыгы үчүн муниципалдык ишкананын директору кармалды

Түштүк регионду көзөмөлдөгөн ички иштер министрлигинин кызматкерлери тарабынан Баткен облусунун Кадамжай районундагы муниципалдык ишканалардын биринин директору кызматтык абалынан ири өлчөмдө кыянаттык менен пайдаланган деген шек менен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 3-апрелде ИИМдин басма сөз кызматынан билдирди.
Тергөөнүн маалыматы боюнча 1982-жылы туулган А.А. аттуу жаран аталган райондун муниципалдык ишканасынын директору болуп иштеп, банктагы жеке кызыкчылыгынан пайда табуу максатында ишкананын эсебине субсидия катары түшкөн бир миллион сомду чыгарып алган. Ал акчанын бир бөлүгүнө Мерседес-Бенц Спринтер унаасын сатып алып, өз атына каттатып, калган сумманы өзүнө ыйгарып алган.
Бул факты боюнча Кадамжай РИИБинин тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө учурунда ишкананын директору шектүү катары кармалган.
Жыйынтыгында ага Кылмыш-жаза кодексинин "кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча айып тагылды. Учурда кылмыш иши боюнча тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан