Өзгөчө кырдаалдар министрлиги селден сактануу боюнча кеңештер менен бөлүштү.
Эгер сиз табигый сел кырсыгына кабылсаңыз:
• өзүңүздү кармап, дүрбөлөңгө түшпөңүз;
• маалымат түйүндөрүн тыңдап туруңуз;
• "коопсуздук куржунун" алыңыз;
• үйдөн чыгарда электр жарыгын, газды өчүрүп, терезелерди жана эшиктерди бекем жабыңыз;
• суу каптаган аймактан курулуш материалдарын, жер семирткичтерди, күйүүчү материалдарды, отундарды ж.б. алып коюңуз;
• сел кырсыгынан сактанууда коопсуз болгон бийик кабатка чыгыңыз;
• өзгөчө кырдаалга кабылсаңыз күндүзү ак кездемени, ал эми түнкүсүн кол чыракты булгалаңыз.
Ошондой эле кырсык катталганда “112” бирдиктүү номер аркылуу куткаруу кызматына кайрылуу керектиги кошумчаланды.