Жалал-Абадда "безпредельщик" атыккан жаран кармалды. Бул тууралу бүгүн, 2-апрелде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.
Маалыматка ылайык, атайын кызматка Ала-Бука районунун тургундарынан кайрылуулары келип түшкөн. Даттанууларга караганда өзүн криминалдык авторитет катары көрсөткөн, 1971-жылы туулган А.О.С. жергиликтүү коммерциялык жайлардын ээлерине карата туруктуу күч колдонуп келген.
Шектүү 1-апрелде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Мындан тышкары анын жашаган жерине тинтүү жүргүзүлүп, уруксат берүүчү документтери жок ок атуучу курал табылган.
"Ал мурда "бейбаштык" боюнча 4 жолу, "адам өлтүрүү" боюнча 1 жолу соттолгон", - деп айтылат маалыматта.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.