"Түрк аба жолдору" компаниясы (Turkish Airlines) Түштүк Американын Венесуэла, Мексика, Колумбия, Куба, Панама жана Бразилияга багыт алган борборазиялык жүргүнчүлөр үчүн учуу талаптарын жарыялады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдады.
Маалыматка караганда, жаңы жоболор Түштүк Американын өлкөлөрү аркылуу АКШга мыйзамсыз кирүү аракетин чектөө максатында киргизилген.
Жаңы эрежелерге ылайык, жүгү жок, мейманканадан алдын ала орун ээлебеген, артка кайтуучу билети жок жүргүнчүлөр аэропорттон өткөрүлбөйт. Ушундай эле талап транзиттик каттамы 24 сааттан ашык болгон жүргүнчүлөргө да коюлат.
Бул эрежелер аталган аба компаниясы менен Туркиянын Стамбул, Анкара жана Анталия шаарларына багыт алган Кыргызстандын жарандарына да тиешелүү.