Казакстан каражатты үнөмдөө максатында Жеңиш парадын өткөрбөйт

Коңшу Казакстандын Коргоо министрлиги 7-майда белгиленүүчү Ата-Мекенди коргоочулар күнүнө жана 9-май Жеңиш күнүнө арналган аскердик парадды өткөрүүнү каражатты үнөмдөө жана башка тапшырмалардан улам пландаган жок. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлигинин сайтына жарыяланды.

"Казакстанда 2024-жылы аскердик парад өткөрүү бюджетти үнөмдөөгө, ошондой эле башка көйгөйлөрдү чечүү зарылдыгына байланыштуу пландаштырылган жок. Куралдуу күчтөрдүн бөлүкчөлөрүнүн күжүрмөн даярдыгын жана мобилдүүлүгүн талап кылынган деңгээлде кармап туруу артыкчылыктуу болуп саналат", - деп жазылат андагы билдирүүдө.

Республиканын шаарларында жана аскер гарнизондорунда эскерүү иш-чаралары уюштурулат. Коргоо министрлигинин жана аскер бийликтеринин өкүлдөрү Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерин жашаган жеринде куттукташат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан