Белгилүү түркмөнстандык ырчы өлүм жазасына тартылышы мүмкүн

Белгилүү түркмөн ырчысы Назир Хабибов баңгизат колдонгон жана ташып жүргөн деген шек менен Ирандын бажычылары тарабынан кармалган. Учурда ал Иранда сот процессин күтүп жатат. Бул тууралуу түркмөнстандык басылмалар жазышты.

Иранда өлүм жазасы бар жана өлүм жазасына тартылгандардын 80 пайызы баңги аткезчилиги үчүн күнөөлүү деп табылган. Алсак, 2021-жылы өлкөдө баңгизатка байланышкан кылмыштар үчүн 126 адам дарга асылган. Сот аны күнөлүү деп тапса, өлүм жазасына кесилиши толук мүмкүн.

Буга чейин Назир Хабибов маңзат колдонгону үчүн 15 жылга соттолгон. Абакта отурганына 6 жыл болгондо ал 2022-жылы ырайым алгандардын тизмесине кошулуп, абактан чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан