Садыр Жапаров "Алымкадыр Бейшеналиевдин Дубайда, Түркияда үйлөрү бар" деген депутаттын сөзүнө жооп берди

Өлкө башчы Садыр Жапаров "Кабар" маалымат агенттигине берген маегинде Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Түркияда жана Дубайда үйлөрү бар деген эл өкүлүнүн сөзүнө жооп берди.

Жапаровдун айтымында, эгерде Бейшеналиевдин чет жактан үй алганы алганы чын болсо, анда жазага тартылат.

"Текшерип көрүшсүн. Качан алган? Кайсы акчага алган баарын текшерип көрүшсүн. Эгер акыркы үч жылда алган болсо, анда конфискация кылабыз, жазалайбыз. Себеби 2020-жылга чейин мен билгенден Алымкадыр Бейшеналиевдин Дубайда, Түркияда батирлери жок болчу", - деген Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан