"Орозодо Кудайдан дегеним уят го". Акылбек Жапаров Токтогулда эмдиги жылы суу ордуна келерин айтты

Электр энергиясынын кымбатташына, улам-улам өчүшүнө, Токтогул ГЭСиндеги суунун жоктугуна, ЖЭБдеги жарылууга ким жооп берет? Бул тууралуу бүгүн, 4-апрелдеги Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдон сурады.

"Буга чейинки министрлердин убагында электр жарыгынын тарифи, сууну жоктугу, светтердин өчүшү, ЖЭБдин аварияга учурашы боюнча маселелер жаралган эмес. Бүгүн булар үчүн министр жооп бериш керек беле? Жумуштан кетиш керек беле? Кандай болуп жатат?", - деди ал.

Өкмөт башчы "эгер күнөөсү болсо жумуштан кетет" деп жооп берди.

Эл өкүлү анда күнөө кимде болуп жатканына кызыкты.

"Эми орозо маалында Кудайдан дегеним уят го. Бирок азыр ошондой сызыкка кирдик, суу аз. Суунун азайыш деңгээли бүтөйүн деп калды. Буюрса эмдиги жылы суу ордуна келет", - деди Жапаров.

Жогорку Кеңеш 04.04.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан