Бүгүн, 9-апрелде Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов иш сапары менен Кыргызстанга келди. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалымдалгандай, иш сапардын алкагында эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосунда сүйлөшүүлөр жана мамлекет башчысы менен жолугушуу болот.
Бул анын Кыргызстанга болгон алгачкы сапары экени кошумчаланды.
Эске салсак, Олжас Бектенов Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кол койгон буйрукка ылайык, өкмөт башчы кызматына быйыл 6-февралда дайындалган.