Садыр Жапаров Казакстанга расмий сапар менен барат

Президент Садыр Жапаров 18-19-апрель күндөрү Казакстанга расмий сапар менен барат. Аталган сапардын жүрүшүн бүгүн, 9-апрелде Кыргызстан менен Казакстан өкмөт башчылары талкуулашты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан билдиришти.

Ушул тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Казакстандын премьер-министри Олжас Бектеновдун жолугушуусу өтүүдө. Анда тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана билим берүү тармагындагы эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Талкуунун негизги темасы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Казакстанга боло турчу расмий сапары болду.

Маалымдалгандай, визиттин алкагында эки өлкөнүн мамлекет башчылары Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин жыйынын өткөрүшөт. Анда эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелери талкууланат.

Андан тышкары, Садыр Жапаров Астанада Кыргыз кино күндөрүнүн ачылышына жана пландалган бир катар иш-чараларга катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан