Бишкекте Жээнбек Кулубаев менен Азербайжандын тышкы иштер министри жолукту

Бүгүн, 9-апрелде Бишкекте Кыргызстан менен Азербайжандын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Жейхун Байрамовдун жолукту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан маалымдады.

Ага ылайык, министрлер экономикалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча биргелешкен кыргыз-азербайжан өкмөттөр аралык комиссиянын иши, бизнес-форумдарын өткөрүү, Азербайжан-Кыргыз Өнүктүрүү фондунун инвестициялык долбоорлору аркылуу эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүү деңгээлин жогорулатуу тууралуу пикир алмашышты.

Мындан тышкары, транспорттук-логистикалык, энергиянын кайра жаралуучу булактары жана гидроэнергетика тармагындагы инвестициялык кызматташтыкты активдештирүүгө көңүл бурулду.

Кыргызстан жана Азербайжанда инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу, Баку-Бишкек-Баку авиарейсин жандандыруу, Маданият күндөрүн өткөрүү талкууланды.

Азербайжандын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапары менен 8-апрелде келди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан