"Тилдери орусча чыгып жатат". Нурланбек Шакиев интернеттеги мультфильмдерди кыргызчага которууну тапшырды

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев парламенттин 11-апрелдеги жыйынында кыргызча сүйлөөгө жана адам аттарын койгондо кыргыз ысымдарын коюуга чакырды.

"Урматтуу депутаттар, сөздөрдү кыргызча эле айталы, арабдаштырып, орусчалап өзгөртүп жибердик. Кыргыз ысымдары дагы арабча коюлуп жатат. Кыргыздын жакшынакай аттары бар да, мисалы: Бакыт, Таалай, Балбак, Акылбек, Нурбек... Эмне үчүн? биз арапчалап же башка тилде коюшубуз керек. Бул абдан маанилүү маселе. Эгер биз кыргызча аттарды койбосок, тилибиз жоголуп келе жатканы аз келгенсип, ысымдар дагы жоголуп кетет", - деди төрага.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин төрагасы мультфильмдердин барын кыргыз тилине которуш керектигин кошумчалады.

"Айылдарда наристелердин тили орусча чыгып жатат. Кыргыз тили жоголуп бара жатат. Ошондуктан аткаруу бийлиги силерге тапшырма, тез арада мультфильмдердин баарын кыргызчалаш керек. Керек болсо башка тилдеги балдар көрө турган нерселердин барын өчүрүп, кыргыз тилине которуш керек. Кулагыбызга күмүш сырга депутаттар, бүгүн биз тилди сактап калбасак, 5-10 жылдан кийин кыргыз тилин таптакыр жоготуп алабыз. Кыргыз ысымдарын жоготуп бара жатабыз, бары арабча, орусча болуп кетти. Бул абдан көңүл бөлө турчу маселе", - деп айтты Шакиев.

Нурлан Шакиев: Адам аттары арабча, орусча болуп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан