ИИМ башчысы 11 журналисттин иши боюнча комментарий берди

Ички иштер министри Улан Ниязбеков бүгүн, 11-апрелде "Кабар" мамлекеттик агенттигине курган маегинде 11 журналисттин кармалышы жана аларга коюлган айыптар боюнча комментарий берди.

ИИМ башчысы кармалган журналисттерди “жалган маалымат таратып, элди дүрбөтүп жатат” деп айыптап, алардын экөөсү гана журналист болгонун, ал эми калганын "блогер атыккандар" деп атады.

"Булардын баары эле журналисттер эмес. Он бирөөсүнүн экөөсү гана журналист болгон. Калган тогузу блогер атыккандар. Керек болсо алтоосунун жогорку билими жок экен. Болгону орто мектепти бүткөндөр. Азыр жетөөсү үй камагына чыкты. Соттор чыгарып жатат. Соттор бизге отчёт беришпейт. Эл аралык уюмдардын суранычы менен чыгарып жатышабы же өздөрү эле чыгарып атышабы аны биз айта албайбыз", - деди Улан Ниязбеков.

Министр журналисттердин кармалышында саясий себеп жок деп эсептейт. Ал "бийликти сындоого эч кандай чек жок экенин, өлкөдө сөз эркиндиги корголо турганын" белгиледи.

"Эч кандай саясий себептер жок. Биз журналисттербиз деп эле оозуна келгенди оттой беришсе анан камайбыз да. Жалган жалааларды жаап, калп маалыматтарды таратып коюп эч кандай жооп бербейбиз, биз журналистпиз деп олтура берсе болобу? Журналистиканы, анын мыйзамдарын билбеген билими жоктор болуп атпайбы. Билими жок үчүн жалган маалымат таратышып, элди дүрбөлөңгө салып жатышпайбы. Анан эле аларды журналисттер деп ызы-чуу чыгара бериштин кереги жок.

Ошол эле Европа, АКШда журналисттер жалган же такталбаган маалыматтарды таратпайт. Бирөөнүн үстүнө жугунду куйбайт. Бирөөнүн үстүнө жугунду куюп же бийликтин ишмердиги жөнүндө жалган маалымат таратып көрсүнчү, аларды сотко берип олчойгон компенсация төлөтүп алат же камашат. Бизде деле ошол Европа, АКШдагыдай тартип орнош керек. Мейли бизди, бийликти сындашсын ага эч кандай тыюу жок. Бизде сөз эркиндиги бар жана боло берет. Болгон талабыбыз далилдерди топтоп алып же маалыматтарды абдан тактап алып анан элге чыгарышпайбы. Бийлик минтип салды, министрлик тигинтип салды деп жалган маалыматтарды дүңгүрөтүп салышып элди көтөрүлүшкө чакырык жасап атышса анан камайбыз да", - деди министр.

Эскерте кетсек, ушул жылдын 16-январында таң атпай “Айт, айт десе” долбоорунун жана "Темиров лайв" медиасынын учурдагы жана мурдагы бир нече кызматкерлеринин үйүндө тинтүү болуп, ИИМдин тергөө кызматына алып кетишкени маалым болгон.

ИИМ аталган журналисттерге массалык баш аламандыкка чакыруу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, тинтүү иштери жүргүзүлгөнү боюнча расмий билдирүү тараткан.

12-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Сапар Акунбеков ден соолугуна байланыштуу, Жумабек Турдалиев эч жакка кетпөө тил катынын негизинде, Акыл Орозбеков дагы башка себеп менен үй камагына бошотулган.

Ал эми 9-апрелде Жоодар Бузумов, Тыныстан Асыпбеков, Сайпидин Султаналиев жана "Temirov Live" каналынын мурдагы кызматкери Максат Тажыбек уулу үй камагына чыгарылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан