Мыкан менен Садовое айылдарында көмүлгөн газ түтүкчөлөрүн уурдоого шектүүлөр кармалды

Чүй облусунда уурулук кылганга шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады.

13-мартта «Газпром Кыргызстандын» 23-25-февраль аралыгында жашыруун түрдө диаметри 325 мм болгон узундугу 100 метр газ түтүкчөлөрүн уурдап кетишкен белгисиз адамдарга чара көрүү үчүн Аламүдүн РИИБге кайрылган. Анда алар жалпы узундугу 660 метр болгон Мыкан жана Садовое айылдарынын ортосундагы талаага көмүлгөн түтүкчөлөр жоголгондугун билдиришкен. Келтирилген зыян 2 миллион 970 миң сом болгон.

Бул факты боюнча кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси менен (уурулук) кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүүлөр аныкталып, кармалган. Алар 1986-жылы туулган Х.Р жана 1986-жылы туулган Ю.Д. аттуу жарандар болгон.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүүлөрдөн уурдалган түтүктөрдүн бир бөлүгү табылып алынган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан