“Жардам кербенинин” экинчи бөлүгү кыргыз-казак чек арасынан өттү  

Кезектеги “Жардам кербени” гуманитардык жүк кыргыз-казак өткөрмө пунктунан өттү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 7 жүк ташуучу унаадан турган кербен дээрлик 150 тонна азык-түлүк алып бара жатат. Гумжардам Казакстандын 5 облусунун жашоочуларына жеткирилет.

"Гумжардам негизинен айран, каймак, “Крестьянское” сары майы, “Особое” майы, Голландия сыры, жана кургак сүттөн турат",-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Казакстанга биринчи жардам кербени 6-апрелде жөнөтүлгөн. Жардам Казакстандын 4 облусуна таратылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан