Жалал-Абад шаарында 10 электробус каттамга чыкты. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдирди.
Маалымдалгандай, алар учурда шаардагы №10 каттамда жүргүнчүлөрдү тейлеп жатат.
"Электробустар күйүүчү майлар менен жүргөн автобустарга караганда каражатты 60%га чейин үнөмдөйт. Тагырагы, бир электробус 450 сом менен толук кубатталат. Ал үчүн 6 автобусту бир учурда кубаттоочу 3 жабдык орнотулган", - деп айтылат билдирүүдө.
Жалал-Абад шаарына жалпы суммасы 118,5 миллион сомго 10 даана электробус кубаттагычтары менен сатып алынган. Каражаттын 100 миллион сому республикалык бюджеттен, ал эми калганы жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөнү кошумчаланды.