Астанада активдүү жаштардын катышуусунда II Казак-Кыргыз жаштар форуму өтүүдө 

Бүгүн, 18-апрелде Астана шаарында II Казак-Кыргыз жаштар форумунун ачылыш аземи өткөнүн Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалымдалгандай, форумга эки өлкөнүн активдүү жаштары катышууда.

Кыргызстандын делегациясынын катарында маданият, ыктыярчылык, жасалма интеллект, экология, блогерлик, жаштар саясаты жана актуалдуу тармактарда жигердүү эмгектенип, ийгилик жаратышкан 30га жакын лидер жаштар бар.

"Иш-чарада казак-кыргыз жаштары "Климаттык активдүүлүк-эки өлкөнүн жаштарын баш коштуруунун куралы катары", "Санариптик келечек: Казакстан жана Кыргызстандын жаштары үчүн заманбап тренддер жана мүмкүнчүлүктөр", Казакстан менен Кыргызстандын маданият жаатындагы кызматташтыгы темаларында баяндама жасашып, "Блогерлик", "Ыктыярчылык", "Жаш мамлекеттик кызматкерлер", "Креативдик индустрия" багыттары боюнча диалогдук аянтчада пикир алышышты" деп айтылат билдирүүдө.

Иш-чара Казакстандын Маданият жана маалымат министрлиги тарабынан уюштурулган. Ал эртең, 19-апрелде да уланат.

Максаты — маданий алмашууга көмөктөшүү, эки өлкөнүн жаштарынын ортосундагы достук мамилелерди чыңдоо, тажрыйба жана билим алмашуу, ошондой эле жашыл, санариптик жана креативдүү экономика жаатындагы кызматташтыкты илгерилетүү болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан