Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев Казакстанда эки өлкөнүн өнөрпоздорунун концертине катышты 

Бүгүн, 18-апрелде Садыр Жапаров жана Касым-Жомарт Токаев Кыргызстандын мамлекет башчысынын Казакстанга расмий сапарынын алкагында Астана шаарында өткөн эки өлкөнүн искусство чеберлеринин концертине барышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка караганда, меймандар үчүн жогорку деңгээлдеги концерттик программа тартууланды. Анда эки өлкөнүн артисттери "Манас" эпосунан үзүндүлөрдү окуп, хореографиялык өнөрлөрдү жана башка музыкалык номерлерди аткарышып, өз чеберчиликтерин көрсөттү.

Концертте казак артисттери кыргыз ырларын аткарып, ал эми кыргыз өнөрпоздору казак музыкалык репертуарын тартуулашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан