Жапаров менен Токаев Астанада Манастын эстелигин салтанаттуу ачты

Бүгүн, 19-апрелде Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаев Астананын борбордук көчөлөрүнүн биринде Айкөл Манастын эстелигин салтанаттуу ачты. Бул тууралуу Казакстандын президенттик администрациясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, салтанатта өлкө башчы Садыр Жапаров “Манас” эпосу кыргыз элинин тарыхый жана руханий мурасы экенин белгиледи.

"Албетте, уникалдуу “Манас” эпикалык чыгармасын изилдөөгө казак элинин чыгаан инсандарынын кошкон салымын баалоого болбой койбойт. Эпостун илимий жазуусун биринчи болуп казактын белгилүү окумуштуусу Чокан Валиханов жасаган. Залкар жазуучу Мухтар Ауэзовдун Манас жөнүндөгү биринчи монографиясы кеңири белгилүү болду. Бүгүн Кыргызстан менен Казакстан үчүн тарыхый күн. Айкөл Манастын эстелигинин казак жеринде ачылышы эки өлкөнүн боордоштугун дагы бир жолу тастыктайт", - деди Садыр Жапаров.

Ошондой эле мамлекет башчы жалпы кыргыз элинин атынан Касым-Жомарт Токаевге жана Айкөл Манастын эстелигинин ачылышына салым кошкон жарандарга ыраазычылык билдирди.

Ал эми өз учурунда Казакстандын президенти эстеликтин тургузулушу казак элинин бир тууган Кыргызстанга болгон терең урматынан кабар берерин белгилеген.

Салтанатка расмий делегациянын мүчөлөрү жана эки өлкөнүн чыгармачыл интеллигенциясынын өкүлдөрү катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан