Өкмөт башчы АКШда Apple Inc. компаниясынын башкы кеңсесинде болду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баштаган делегация АКШнын Сан-Франциско шаарындагы жумушчу сапарынын алкагында Apple Inc. компаниясынын башкы кеңсесинде болду.

Apple Park IT компаниялардын технологиялык кеңселеринин бири болуп саналат.

Делегация Apple Park концепциясы, имараттардын архитектуралык-долбоордук чечимдери, санариптик инфраструктура менен таанышты. Өкмөт Кыргызстанда IT-парк түзүүнү пландоодо. Мындан улам аталган компаниянын өкүлдөрү менен кызматташтыктын келечеги, Кыргызстанда IT-долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды.

Ошондой эле Apple өнүмдөрү үчүн Siri үн жардамчысы аркылуу мамлекеттик тилди өнүктүрүү, компаниянын аппараттарына жер титирөөдөн эскертүү функциясын киргизүүнүн техникалык мүмкүнчүлүктөрү жана башка бир катар функцияларды ишке киргизүү маселелери көтөрүлдү.

Өз кезегинде корпорация өкүлдөрү бул маселелерди изилдөөгө даяр экендиктерин билдиришкени кошумчаланды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан