Сел жүрөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 21-23-апрелде күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына байланыштуу суу каптоо болорун эскертип, шашылыш билдирүү таратты.

Ага ылайык, алдыдагы күндөрү нөшөрлүү жаан-чачындан улам Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү божомолдонууда.

"Мындан улам министрлик селдин алдын алуу үчүн арыктарды, суу өткөрүү түтүктөрүн жана дренаждык түйүндөрдү ар кандай таштандылардан тазалоону сунуштайт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан