Көк бөрү оюну бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасына киргизилди. Бул тууралуу Көк бөрү федерациясынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечим Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин жакында Астанада өткөн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында чечилди.
"Буга чейин Көчмөндөр оюндарынын уюштуруучулары көк-бөрү менен кыргыз күрөшүн расмий спорттук программага киргизген эмес. Оюндар көргөзмө сынактардын тизмесине киргизилген", - деп айтылат билдирүүдө.
Эске салсак, бешинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары быйыл 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Казакстанда өтөт.