Түркияда катуу шамалдан улам мечиттин кош мунарасынын бири кулады (видео)

Түркияда аба ырайы кескин өзгөрүп, суу каптоо жана шамал болууда. Анын натыйжасында акыркы суткада калктуу конуштар жабыркады. Бул тууралуу бүгүн, 21-апрелде жергиликтүү басылмалар жазды.

Ага ылайык, өлкөнүн Чанкыры шаарында болгон катуу шамал мечиттин кош мунарасынын бирин кулатты. Социалдык тармактарга тараган видеодон мунаранын экинчиси чайпалып барып урап түшкөнүн көрүүгө болот.

Ал эми Стамбулда катаал аба ырайынын кесепетинен дарактар ​​жолдорго кулап, метро станциясын суу каптады.

Аймактык метеорология башкармалыгынын маалыматы боюнча, шамалдын ылдамдыгы Анталиянын борборунда саатына 68,4 чакырымга, Кемер аймагындагы Сиглик айылында саатына 118 чакырымга жетти. Ошондой эле Измирде күчтүү торнадо катталды.

Мындан тышкары катуу шамал Самсун, Корум, Кастамону, Амасья, Синоп сыяктуу калктуу конуштарга да таасирин тийгизди. Ал жакта үйлөр жабыркап, бак-дарактар ​​кулап, унаалар зыянга учураган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, азырынча жабыркагандар жана каза болгондор тууралуу маалымат түшө электиги кошумчаланды.

Түркияда мечиттин мунарасынын кулашы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан