Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду оңдоп-түзөө иштери жайында башталат

Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионду реконструкциялоо иштери 10-июндан тарта башталат. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.

Стадионду оңдоп-түзөө иштери быйылкы жылдын сентябрь айынын ортосунда аяктоосу пландалууда.

"Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев жеринде көчмө жыйын өткөрүп, шаардык муниципалитетке стадиондун айланасын көрктөндүрүү, Кыргыз футбол биримдигине оюн тааласын калыпка келтирүү жана жарыктандыруу системасын оңдоп-түзөө, ал эми Финансы министрлигинин жана Курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агентигине каржы булактары менен оңдоп-түзөө иштерин пландоо, Жеңил атлетика боюнча федерациясына чуркоочу аянтчаларды кароого алуу тапшырмаларын берди", - деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 6-июнда өлкөнүн башкы футбол аренасында Дүйнө чемпиондугуна тандоо оюндарынын алкагында Кыргызстан – Малайзия командаларынын жооптук беттеши өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан