Наманган шаарында кыргыз-өзбек биргелешкен демаркация комиссиясынын курамындагы Кыргызстан менен Өзбекстан өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кезектеги жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалымдалгандай, анда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо маселелери талкууланды.
Ага ылайык, талаа изилдөөлөрү жүргүзүлүп, анда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын делимитация сызыгын жылдыруу боюнча тапшырмалар такталды.
"Сүйлөшүүлөр достук жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү.
Иш-чаранын жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, жумушчу топтордун кезектеги отуруму Кыргызстандын аймагында өтөт.