Акылбек Жапаровдун АКШнын бир катар шаарларына болгон жумушчу сапары аяктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун АКШнын бир катар шаарларына болгон жумушчу сапары аяктады. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Министрлер кабинетинен билдиришти.

Маалым болгондой, Акылбек Жапаров баштаган Кыргыз делегациясы Вашингтондо өткөн Эл аралык валюта корунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жолугушууларына катышты.

Жолугушууларда Дүйнөлүк банктын, ЭВФтин, USAID'дин, Америка-Кыргыз соода палатасынын, Азия инфраструктуралык инвестициялык банкынын, Азия өнүктүрүү банкынын, Европа инвестициялык банкынын, Эл аралык каржы корпорациясынын, Franklin and Templeton инвестициялык компаниясынын, Citibank эл аралык банкы, Rotschild & Co компаниясы, Эл аралык республикалык институт (IRI), "Alvarez & Marsal" консалтинг компаниясынын жетекчилиги менен жолугушуулар өткөрүлдү.

Вашингтондо төмөнкү эки тараптуу документтерге кол коюлду:

- Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы “Туруктуу агроазык-түлүк кластерлерин өнүктүрүү” долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга 35 миллион доллар суммасында каржылоону берүү жөнүндө макулдашуу;

- Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган 7,64 миллион доллар өлчөмүндөгү "Айылдарды суу менен камсыздоону жана канализацияны туруктуу өнүктүрүү" долбооруна экинчи кошумча каржылоо маселеси жөнүндө Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашуу.

Сүйлөшүүлөрдүн алкагында "Камбар-Ата" ГЭС-1ди куруу долбоорунун алкагында кызматташуу жана башка тармактарга инвестиция тартуу боюнча макулдашууларга жетишилди.

"Вашингтондогу жумушчу сапарынын алкагында Министрлер кабинети менен Google корпорациясынын ортосунда билим берүүнү трансформациялоо жаатындагы кызматташтыктын мындан аркы кадамдары боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду. Акылбек Жапаров өнүктүрүү боюнча өнөктөштөргө "Алтын казык" мектеп билим берүү системасын трансформациялоо программасын тааныштырды", - деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, Акылбек Жапаров баштаган Кыргыз делегациясы бир нече технологиялык корпорациялардын өкүлдөрү менен бир катар жолугушууларды өткөрдү.

Атап айтканда, алар Apple Inc. компаниясынын башкы кеңсесинде болушту. Сан-Францискодо Nvidia корпорациясынын башкы кеңсеси, Hewlett-Packard Company америкалык корпорациясынын кеңсеси, ошондой эле венчурдук инвестор жана ишкер Тим Дрейпер менен жолугушуу өткөрүлдү.

Иш сапардын алкагында Силикон өрөөнүндөгү Кыргызстандын Жогорку технологиялар паркынын үйүнүн (HTP House in Silicon Valley) ачылышы болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан