Талас районунун айылдарында да сел жүрдү (фото)

Талас районунун айрым айылдарында катуу жааган жаандан улам сел жүрдү. Бул тууралуу бүгүн, 22-апрелде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Ага ылайык, нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен алдын ала маалымат боюнча Талас районуна караштуу Көк-Кашат, Ак-Жар жана Кара-Суу айылдарында сел жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

"Сел жүргөн аймактарга райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн куткаруучулары, Жарандык коргонуу комиссиясы, облус жетекчилиги маалыматтарды тактоо, кесепеттерин жоюу максатындагы чечимдерди жеринде кабыл алууга чыгып кетишкен.

Кошумча маалымат берилет", - деп айтылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан