Томолой жетим балдарга эсеп ачып акча салынат. Мыйзам долбоорун комитет биринчи окууда жактырды

Бүгүн, 22-апрелдеги Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбору биринчи окууда каралып, жактырылды.

Демилгечи депутат Марлен Маматалиевдин айтымында, мыйзам долбоорунун негизги максаты - ата-энесинин экөөнөн тең айрылган балдарга (томолой жетим) “Келечек муун үчүн фонд” топтолмо жөлөк пул дайындоо жана төлөө жолу менен финансылык жана социалдык колдоо көрсөтүү.

Ошондой эле турак жай сатып алуу үчүн (мамлекеттик ипотекалык компаниянын программасы боюнча), окуу жайлардагы окуу акысын төлөөгө, кымбат диагностиканы жана хирургиялык кийлигишүүнү талап кылган медициналык кызматтар үчүн акы төлөөгө колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Долбоорго ылайык, баланын мыйзамдуу өкүлү кайрылган учурдан тартып мамлекеттик банктан эсеп ачылып, ага кайрымдуулук уюмдары жана башкалар ыктыярдуу негизде белгилүү бир сумманы сала алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан