"Крокустагы" теракт: "Адамдын кекиртегин кескилеген менин балам эмес" дейт шектүүнүн апасы

Москванын четиндеги "Крокус Сити Холлдо" болгон терактка катышкан деп айыпталган тажикстандык Далержон Мирзоевдин апасы уулу мындай ишке барбай турганын айтып чыкты.

Коңшу Тажикстандын жергиликтүү "Азия Плюс" басылмасына берген маегинде шектүүнүн апасы Гүлракат Мирзоева "Крокуста" тартылган видеодо террорчулардын арасында уулу жок экенин айткан.

"Кекиртегин кескилеп, мыкаачылык менен өлтүргөн деген айыпты менин уулума тагышты. Бирөөнүн кекиртегин кескен мылтыкчан адам менин балам эмес. Видеодогу адам семиз, менин балам арык. Кол салгандардын баскан-турганы, кыймыл-аракети уулума окшобойт. Камакка алынгандан кийин сотто темир тордун артында отурган менин балам. Ал таяк жеп, көзү көгөрүп, моюнунда желим баштык илинип турат", - деген Гүлракат Мирзоева.

Далержондун атасы Барот Мирзоев да уулуна тагылган айыптарга ишенбейт.

"Бою өтө кыска, автомат кармай албайт, мындай иштерди кантип кылмак эле? Бизге үйгө келем деп айткан, биз күткөнбүз”, - деген ал.

Теракттан кийин тажик бийлиги Далержон Мирзоевдин ата-энесин, бир тууганын, жубайын жана кайын энесин бир жумага жакын суракка алып, анан коё берген. Бул аралыкта алар орус тилинде да арыз жазышкан, бирок орусиялык тергөөчүлөр менен бир да жолу жолуккан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан