Малайзиянын Лумут шаарында өлкөнүн Королдук деңиз аскерлеринин 90 жылдыгына арналган аба парадынын алдындагы учуп машыгуу учурунда эки тик учак сүзүштү. Малайзиянын Өрт жана куткаруу кызматы эки тик учактагы 10 экипаж мүчөсү каза болгонун билдирди.
Манёвр учурунда кагышкан тик учактардын видеосу социалдык тармактарга тарады.
Алдын ала маалыматтарга караганда, тик учактардын бири спорттук стадиондун тепкичтерине, экинчиси стадиондогу бассейнге кулап түшкөн. Алардын биринде үч, экинчисинде жети экипаж мүчөсү болгон.