Кытайда селден улам 100 миңден ашуун адам эвакуацияланып, каза болгондор да катталды

Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясында суу ташкынынан төрт адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышууда.

Маалыматка караганда, 10 адам дайынсыз жоголгондордун тизмесинде. Издөө-куткаруу иштери уланып, 110 миң адам эвакуацияланган.

Ал эми 1 миллиондон ашык кожолук электр жарыгысыз калып, миңдеген мектептер жабылды. Кытай өкмөтү чукул эскертүү берип, 127 миллион жергиликтүү жашоочуларын коргоо үчүн зарыл чараларды көрүп жатат. Айрым алыскы айылдарга тик учак менен чукул жардам жеткирилди.

Нөшөрлөгөн жаандан улам Гуандун провинциясындагы бир нече дарыяларда суунун деңгээли акыркы 50 жылдагы рекорддук деңгээлге жетти. Синоптиктердин айтымында, мындай аба ырайы жакынкы аралыкта дагы уланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан